
Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде 2 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ооруну жуктурган медицина кызматкерлери:
– Бишкек шаарында – 1 адам;
– Жалал-Абад облусунда – 1 адам.
Республика боюнча жалпысынан 226 медицина кызматкери коронавирус илдети менен жабыркады. Алардын ичинен 163 медкызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Булак: «KyrgyzToday»
Ой-пикир жок