Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кыргызстанда аялдардын ишкердик күнү белгиленет
КООМ

Кыргызстанда аялдардын ишкердик күнү белгиленет

Кыргызстан бүткүл дүйнөдө 19-ноябрда белгиленүүчү Аялдардын ишкердик күнүн майрамдоого кошулат. Өлкөнүн төрт шаарында: Бишкекте, Ошто, Караколдо жана Кара-Балтада 16-ноябрдан 23-ноябрга чейин БУУӨП колдоосу менен ийгиликтүү ишкер- айымдардын катышуусунда иш- чаралар өткөрүлөт.

Аялдардын ишкердик күнүн майрамдоонун негизги идеясы болуп аялдардын лидерлигин, жашоонун экономикалык деңгээлин жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстандын аялдарынын жана кыздарынын руханий, жеке жана кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана өнүктүрүү саналат.

“Women’s Entrepreneurship Day” глобалдык демилгеси бүткүл дүйнөдөгү аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жана жыл сайын Бириккен Улуттар Уюмунун эгидасынын алдында 144 өлкөдө белгиленет. Ишкердик күнүнүн алкагында демилгеленип жаткан иш-чаралар келечекте аялдарга экономиканы өнүктүрүү жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга мүмкүндүк берүүчү лидер-аялдар, новаторлор жана ишкерлер коомун түзөт.

Аялдардын ишкердик күнү- көп учурларда көмүскөдө калып жаткан аялдардын жетишкендиктерин белгилөө гана эмес, тажрыйба алмашуу жана таанышуу үчүн аянтча түзүү.

Видео – Конрад Войтушак, Польшалык турист: “Мен Кыргызстанга көчмөндөрдүн жашоо турмушун издеп келдим, көчмөндөрчө жашагым келет, мурунку жашоомдо көчмөн, балким кыргыз болсом керек”

Видео – Милиция мотоциклди эвакуатордон чечип, айдап качып кеткен адамды таап, ага 5500 сом айып салды

ДССУнун COVID-19 боюнча миссиясы Түркмөнстанга келет