Кыргызстанда бийликтин мөөнөтүнөн мурда алмашуусу. Бөлүм 2. Курманбек Бакиев

Ошентип, 2005-жылы  Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда төңкөрүш аркылуу алмашты. Анын бирден бир себеби, ошол жылдын февралындагы парламенттик шайлоодо өлкөдөгү 75 шайлоо округунан Акаевдик режимге жакпаган Жогорку Кенештин депутаттыгына ат салышкан электораты арбын делген 34 талапкердин добуштарын каратып туруп бурмалагандыгы, тагыраак айтканда 2005-жылдагы март революциясынын келип чыгышына ошол эле Акаевдин айланасындагы жан жөөкерлеринин “чач ал десе баш алган” өзүм билемдиктери бирден-бир себеп болуп берген. Ошондо жанагы 34 талапкер мыйзамдуу берилген добуштардын негизинде мандат алып калышканда балким революция деле чыкмак эмес. Балким, А. Акаев деле минтип элге “куу тумшук” көрүнмөк эместир.

Анан ошол эле 2005-жылдын 10-июлунда президенттик шайлоо өтүп, көпчүлүк Курманбек Бакиевдин талапкерлигин жактырып, ага шайлоочулардын 89 пайызы добуштарын “берди” болгон. Анткени, ошол кездеги оппозициялык кыймылдын (КЭКтин) лидери аталган К. Бакиевдин башкы талапкер болгону ошол мезгилдин кырдаалына ылайык экенин жамы-журт деле түшүнүү менен кабыл алышкан. Анда да аламанга 6 талапкер аттанган. (Турсунбай Бакир уулу 3, 87, Акбаралы Айтикеев 3, 6, Жыпар Жекшеев 0, 9, Кеңешбек Дүйшебаев 0, 9, Токтайым Уметалиева 0, 6 пайыз добуштарга ээ болгон)

Бийлик кумары деген ушул белем, баягы айткан убадалар аңгекте калып, 2007-жылдын декабрындагы парламентке болгон шайлоо аркылуу таптакыр башка нукка бурулду. Анда да баягы эле кошоматчы “көсөмдөр” Ак үйдүн буйругун ашепке аткарып салбаганда, каратып туруп “наглет” этпегенде балким Бакиевдик диктатура анчалык күч алмак эмес. Ошентип, “баары биздин колубузда” деп терең ишенимге батып алган бийликтин өзүм билемдиктери 2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоодо да өз өкүмүн сүрдү. Бийликтин адиминстративдик рычактары да аесуз иштеди. Шайлоо элементтери ушун чалык бузулгандыктан андагы башкы талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдер ошол шайлоо күнү жүрүп жатканда бойкот жарыялап, оюндан чыгып кетишти. Натыйжада, “Накта Бакиев” деген лозунг менен чыккан Курманбек Бакиев “жеңнишке” жетип, жыйынтыгында БШК К. Бакиевди шайлоочулардын 76, 12 пайыз добуш алганын жарыялады. Айтмакчы ошондо өз талапкерлигин алып салса да андагы оппозициянын атынан чыккан талапкер А. Атамбаев 8, 41 пайыз добуш алды делинген. Анда да алты талапкер ат салышкан. (Токтайым Уметалиева, Жеўишбек Назаралиев, Темир Сариев жана Нурлан Мотуевдер) Ошол шайлоодон кийин калктын бийликке болгон нааразычылыгы да күчөй баштады. Деги эле шайлоо деген опурталдуу нерсе окшобойбу. Андай шартта жарандардын эркин добуштарын тепселөө дегендин өзү шайлоочулардын жан дүйнөсүн өрттөө дегендикке барабар эле иш окшобойбу? Көрсө, өлөкөдө тынчтык, стабилдүүлүк качан гана элдин мүдөөлөрү ишке ашырылып турганда гана өкүм сүрөт окшойт. Айрыкча эркиндикти сүйгєн кыргыз элинде. Ошентип ошол шайлоодон бир жыл өтпөй Кыргызстанда экинчи ирет мамлекет башчысы бийликтен төңкөрүш жолу менен кетти.

Булак: Айгай

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *