Кыргызстанда дагы 15 адамдан коронавирус табылып, алардын жалпы саны 1365ге жетти

Бүгүн, 23-майга карата Кыргызстанда дагы 15 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 1, Жалал-Абад облусу – 1, Санк-Петербургдан келген курсанттардын арасынан – 9 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1365гө жеттиАлардын ичинен:

– Жалал-Абад облусунда — 156 адам;

– Ош облусунда — 204 адам;

– Ош шаарында — 132 адам;

– Бишкек шаарында— 351 адам;

– Нарын облусунда — 242 адам;

– Чүй облусунда — 109 адам,

– Баткен облусунда — 25 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.

– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 105 адам,

– Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 27 адам.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *