Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус табылып, алардын жалпы саны 1138ге жетти

Бүгүн, 17-майга карата Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, коронавирусту аныктоо үчүн бир суткада 3334 изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен алтоонун жыйынтыгы оң чыккан.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 2, Санкт-Петербурга шаарынан келгендерден – 10,  Чүй облусунан – 3, Нарын облусунан – 6 адам катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1138ге жетти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *