Кыргызстанда дагы 309 адамдан коронавирус табылды, 3 бейтап каза болду

Бүгүн, 27-июнга карата Кыргызстанда дагы 309 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 118, Чүй облусунан – 23, Ош шаарынан – 94, Ош облусунан – 39, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 19, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 5, Баткен облусунан – 3 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 4513кө жетти.  Алар:

– Жалал-Абад облусунда — 288 адам;

– Ош облусунда — 468 адам;

– Ош шаарында — 594 адам;

– Бишкек шаарында— 1670 адам;

– Нарын облусунда — 469 адам;

– Чүй облусунда — 610 адам,

– Баткен облусунда — 51 адам;

– Талас облусунда –  42 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 81 адам.

– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 50 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2112ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 26 адам; Чүй облусунан – 5 адам, Ош облусунан – 7, Ош шаарынан – 3, Жалал-Абад облусунан – 3 адам, Нарын облусунан – 6.

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап каза болду. Ош облустар аралык ооруканасынан 1969-ж.т. аял киши, Жалал-Абад облустук ооруканасынан 1944-ж.т. аял киши жана Аксы аймактык ооруканасынан 1946-ж.т. эркек киши оорудан улам каза тапты.

Илдеттен улам каза болгондордун саны 46.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *