Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кыргызстанда дагы 330 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен 2 адам каза тапты
КООМ

Кыргызстанда дагы 330 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен 2 адам каза тапты

Бүгүн, 14-октябрга карата Кыргызстанда дагы 330 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 68, Ош шаарынан – 36, Чүй облусунан – 12, Ош облусунан – 74, Талас облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 70, Баткен облусунан – 43 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 50 201ге жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 172 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 44 884кө жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 14 адам; Чүй облусунан – 17, Ош шаарынан – 10, Ош облусунан – 39, Жалал-Абад облусунан – 47, Баткен облусунан – 35, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусунан – 7.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 2 учуру Баткен  облусунда катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1094кө жетти.

Бетке чабар, жүрөктүү Мадумаров

Ашхабадда жеке таксилерге “аңчылык” уланууда

Covid-19: Өзбекстанда жеке коргонуу каражаттары тартыш дарыгерлер президентке даттанышты