Кыргызстанда дагы 67 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды. Жалпы саны 44828

Бүгүн, 12-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 67 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Жаңы учурлар: Бишкек – 20, Чүй облусу – 3, Ош облусу – 10, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 7, Жалал-Абад облусу – 14, Баткен облусу – 6.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44828ге жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 148 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 40779ге жетти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *