Кыргызстанда дагы 77 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды, эми алардын жалпы саны 44761. Каза болгондор жок

Бүгүн, 11-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 77 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек – 17 , Ош – 3, Чүй облусу – 5, Ош облусу – 9, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 9, Жалал-Абад облусу – 13, Баткен облусу – 19.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44761ге жетти. 

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 144 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 40631ге жетти.

Оорудан айыккандар – Бишкек – 54; Ош шаары – 1; Чүй облусу – 11; Ош облусу – 6; Нарын облусу – 3; Талас облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 10; Жалал-Абад облусу – 33; Баткен облусу – 24.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *