Кыргызстанда дагы 78 адамдан коронавирус табылып, алардын жалпы саны 1216га жетти

Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстанда дагы 78 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 3, Нарын облусунан – 14, Ош облусунан – 6, Ош шаарынан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1, Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 13, Соль-Илецк шаарынан келгендердин ичинен – 43 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1216га жеттиАлардын ичинен:

– Жалал-Абад облусунда — 154 адам;

– Ош облусунда — 189 адам;

– Ош шаарында — 124  адам;

– Бишкек шаарында— 310 адам;

– Нарын облусунда — 183 адам;

– Чүй облусунда — 104 адам,

– Баткен облусунда — 25 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 13 адам.

– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 101 адам,

– Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 13 адам.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *