Кыргызстанда доллардын баасы улам төмөндөп жатат. Бүгүнкү күндө анын баасы 74 сомдон ылдыйлады

Кыргызстанда доллардын баасы улам төмөндөп жатат.  Бүгүнкү күнгө карата анын баасы 1-2 сомго арзандады. Бүгүн түштөн кийинки убакта, саат 15:00гө карата доллардын курсу төмөнкүдөй.

– сатып алуу — 73төн 73,3 сомго чейин;

-сатуу — 73,6дан 74 сомго чейин.

Белгилей кетсек, доллардын баасы март айында кескин кымбаттап, 69,9 сомдон 83 сомго чейин жеткен. Доллардын кымбатташы мунайга болгон баанын арзандашы жана пандемияга байланыштуу болгон. Акырындык менен сомдун курсу көтөрүлүп, бүгүнкү күнгө карата 1 доллар 74 сомду түздү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *