Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 346 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен 5 адам реанимацияда жатат. 48 адамдын абалы орточо оор, 286 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1270 түзөт. Алардын ичинен 910 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми илдетти жуктурган 14 адам каза болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *