Кыргызстанда бүгүн күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыгызстанда бүгүн, 5-январь күнү саат 02:15те жер титирөө катталды. Бул туурасында КР УИАнын Сейсмология институтунан маалымдашты.

Жер титрөөнүн очогу Алай тоолорунун жээктеринде, Кара-Тейит айылынан түндүк-батышка карай 26 км, Карамык айылынан түндүк батышка 28 км, Коргон айылынан 50 км чыгышка, Эгин-Жай айылынан 50 км түштүк батышка жана Баткен шаарынан чыгыш-батышка 72 км алыстыкта болгон.

Жер титрөөнүн күчү эпицентрде 3,5 баллга жеткен. Кара-Тейит айылында 2,5 баллга, ал эми Карамык айылында 2 баллга жеткен силкинүү байкалган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *