Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майлар дагы кымбаттайбы?

Казакстандагы Орусиянын «Газпрому” АИ-92 маркасынын литрин 28 сомдон сатат, ал эми Кыргызстандагы Орусиянын «Газпрому” АИ-92 маркасынын литрин 40 сом 50 тыйындан сатат. Эмне үчүн деген суроого Акүй да Көкүй да жооп бергиси келбейт. Бирок биздеги күйүүчү майларды Орусия тарап арзандатып берүүгө каршы эмес. Анда эмне себептен Кыргызстан тарап, бул маселе боюнча “Газпром” менен болгон келишимдерди өзгөрткүсү келбейт? Бизде күйүүчү майларды арзандатуунун ордуна кымбаттатуу саясаты жүрүүдө. Кыргызстандагы күйүүчү майларды сатуучу компаниялардын үстүндө мафия отурабы же анык баасын чечип бере турган өкмөт – статистикалык конторанын эле милдетин аткарып калгандай. Мындай позициядагы өкмөттү аппараты менен жоюп, президенттик гана башкарууга өтүүнүн мезгили келгендей.

Күйгөнүңдөн айтасың, Казакстан менен салыштырмалуу Кыргызстан ар бир литрге 12 сом 50 тыйындан ашыкча төлөп жаткандыгыбыз тууралуу ким ачыктама берет?

Тескерисинче, Кыргызстанда май айында күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга өсөт. Бул тууралуу  Кыргызстандын нефтедрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери мунайдын баррелине болгон баа 16 долларга жогорулады. Орусиядан келген күйүүчү майдын бир тоннасы 150 долларга кымбаттады.

«Мисалы мурдагы айларда АИ-92 460 доллардан берилип жатса, бүгүн 585 долларга көтөрүлдү, Мунай сатуучулар өткөн айда Орусия бааны көтөргөнүнө карабастан мурдагы калдыктардын эсебинен төмөндөтүп келген. Орусия 1-майдан баштап көтөрдү. Биздин запас түгөнүп баратат. Ошондуктан май айынын ичинде баалар 10 пайызга, кээ бир маркалардын баалары 15 пайызга көтөрүлөт», -деп билдирди ал.

Учурда Бишкектеги май куюучу жайларда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 40,5 сом турат.

Кыргызстан жыл сайын 1 миллион тонна күйүүчү май керектейт. Ал Орусиядан экспорттук төлөмсүз келет. Буга чейин Казакстан 2019-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанга бензин экспорттой турганы айтылган, бирок маселе чечиле элек.

Бул маселени 1 жылдан бери чече албай келаткан шалаакы өкмөттүн Жогорку Кеңешке берген отчётуна бали дегенден башка айла жок. Кеп премьер-министрде эмес, кеп жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда – Өкмөттү жоюп, Президенттик башкарууга өткөндө. Мында жоопкерчилик бир башкаруу органында эле болуп, күйүүчү майга окшогон стратегиялык маанилүү келишимдер, эл пайдасына чечилип турмак.

Булак: «13-квартал»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *