Кыргызстанда “Kyrgyz Tourism Awards – 2019” сынагы старт алды. Билдирмелер кабыл алынууда

Сынак Кыргыз Республикасынын туристтик чөйрөсүндө жетишкендиктерди жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, тармактагы ийгиликтүү долбоорлорго карата мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом тарабынан кызыкдар мамиле түзүү, ошондой эле туристтик чөйрөдөгү кызматкерлерге тейлөө кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн түрткү жаратуу максатын көздөйт.

Ошондой эле, республиканын туризм жаатындагы имиджин алдыга жылдыруу менен, ал тармакты популяризациялоо жана өлкөгө инвестиция тартуусуна өбөлгө түзүү болуп эсептелет. Сыйлык жалпы 17 номинациядан турат.

Сынактын сыйлыктары:

1. Кыргыз Республикасындагы туризмдин түрлөрү боюнча эң мыкты инновациялык долбоор;
2. Кыргыз Республикасынын окуялуу туризми боюнча эң мыкты долбоор;
3. Кыргыз Республикасынын туризмин жайылтуу боюнча эң мыкты интернет-долбоор;
4. Туризмди жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын эң мыкты дипломатиялык өкүлчүлүгү;
5. Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эң мыкты долбоор (IT-долбоорун иштеп чыгуу, киргизүү жана ийгиликтүү ишке ашыруу);
6. Кыргыз Республикасынын эң мыкты туристтик оператору;
7. Кыргыз Республикасынын эң мыкты конок үйү;
8. Кыргыз Республикасынын эң мыкты мейманканасы;
9. Кыргыз Республикасынын эң мыкты туристтик комплекси;
10. «Туризм» багыты боюнча КР эң мыкты окуу жайы;
11. Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүү боюнча эң мыкты аймагы (дестинация);
12. Кыргыз Республикасынын эң мыкты гиди(же экскурсовод);
13. Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү эң мыкты фотограф же видеографы;
14. Кыргыз Республикасынын эң мыкты санатордук-курорттук мекеме;
15. Кыргыз Республикасынын эң мыкты боз үй шаарчасы (этно стилде);
16. Кыргыз Республикасынын туризмин чагылдыруу боюнча ата-мекендик жалпыга маалымдоо каражаты (теле- жана радио берүү чөйрөсүндө, убактылуу басма басуучулар жана жаңылык интернет порталдары жана сайттар);
17. Атайын номинация – «Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жылдын мыктысы».

Билдирмелер 2019- жылдын 10- сентябрына чейин кабыл алынат. Сыйлыктын жыйынтыгы 27- сентябрь “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүндө” белгилүү болот.

Сынакка катышуунун шарттары:
Бир долбоор сынактын бир гана номинациясына катыша алат. “Сыйлыкка катышуу үчүн” деген белги менен [email protected] электрондук дарегине же документтин түп нускасын Бишкек шары, Киев көчөсү 96 «б», 615. кабинетине алып келүү зарыл.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *