Кыргызстанда рак илдети менен 25 миңден ашык адам каттоодо турат

Бишкекте рак менен күрөшүү күнү белгиленип жатат. 4-февралда «Раrk hоtel» конок үйүндө уюштурулган жыйынга саламаттык сактоо министри, өкмөт мүчөлөрү жана бул оору менен күрөшүү жаатындагы уюмдардын адистери катышты. Министр Космосбек Чолпонбаев өлкөдө рак оорулуулар көбөйгөнүн, аларга дарыланууга шарттар түзүлүп, ооруну басаңдатуучу дарыларга жетүү мүмкүнчүлүгү жеңилдетилип жатканын айтты. Расмий маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда 25 500 адам рак оорусу менен каттоодо турат. 2018-жылы 5500 кишиде залалдуу шишик аныкталып, алардын 60 пайызы көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттык уюму4-февралды Рак илдетине каршы күрөштүн дүйнөлүк күнү деп белгилеген. Өлкөдө нур менен залалдуу шишикти дарылоочу жабдуулардын жоктугу дарт менен алышкандарга бир топ кыйынчылык жаратып келет. Бул жабдууну алуу үчүн айрым бейөкмөт уюмдар кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, элден акча да чогултуп көрүшкөн. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына
караганда, үч жолу тендер жарыяланып, бирок аппаратты алып келүү баскычына жеткенде чуулгандуу чырлар менен иш токтоп калууда.

Тендер чыры быйыл да уланып, азырынча бейтаптар радиациялык нурду 1980-жылдары чыккан эски жабдуулар менен алып жатышат.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *