Андрей Бельянинов: “Кыргызстанда сүйлөшө турган эч ким жок”

ЕАБРнын (ЕврАзия өнүктүрүү банкы) төрагасы Андрей Бельянинов: «Кыргызстанда бизнес тууралуу сүйлөшө турган эч ким жок. Баары эле акча жасоо үчүн келишет» – дегенди ачык айтты. Муну менен ал долбоор жазып акча алганга жарашпайт деген жүйө келтирип, еврейлердин «Кудайдан лотереядан утканга жардам сурайт, бирок билет албайт» деген анекдотун мисал келтирди. Кыскасы, кыргыз өкмөтү мамлекет, эл үчүн иштебей турганын ачык эле кыйытты. Ошону менен бирге, иштин көзүн билген кадр жоктугуна да зээнин кейитти. Бийликтин азыркы чыныгы жүзүн сыйрыптыр. Албетте, кейий турган, сындай тургандай эле бар. Абулгазиев оозун ачып, эмне иш кылышты билбей шөмтүрөп турса ошол да.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *