Кыргызстанда сутка ичинде 4 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 4 болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде 4 медициналык кызматкерден вирус аныкталды. Ал эми 2 кызматкер стационарлардан чыгарылды.

Кыргызстан боюнча жалпы 270 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды, алардын ичинен 223ү айыкты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *