Ички иштер министри Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун 3 лидеринин атын атады

Кыргызстанда коомчулукка белилүү болгон 3 уюшкан кылмыштуу топ бар. Бул тууралуу бүгүн 24-октябрда ИИМдин өткөргөн маалымат жыйынында министр Кашкар Жунушалиев билдирди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиевдин айтымында, ал топторду Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушев жетектейт. Батукаев Россияда жазасын өтөп жатат, Бокушев учурда кылмыш дүйнөсүнөн алыстап жай турмуш кечирип жүрөт. Кылмыштуу топтордун балдары толугу менен милициянын көзөмөлүндө.

“Ал эми Камчы Көлбаев менен анын кылмыштуу тобу дайыма биздин көзөмөлүбүздө турат”, — деди Абдиев.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *