Кыргызстанда Япониянын жаңы элчиси өз ишин баштады

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Кыргыз Республикасындагы кайрадан дайындалган Элчиси Сигэки Маэдадан Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн алды. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Министр Сигэки Маэданы Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктады жана анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Туруктуу достук колдоосу жана Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн япон тарабына ыраазычылык билдирди.
Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активизациялоо боюнча чараларды талкуулашты. Япон инвестицияларын Кыргызстанга тартуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *