Кыргызстанды тамак-аш азык-түлүктөрү менен 333 юридикалык тарап камсыз кылат экен

Бул тууралуу 28-октябрда Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми республикадагы статистикалык бирдиктердин мамлекеттик бирдиктүү регистрдин базасына 10 миң 143 ишкер катталган. Тамак-аш азык-түлүктөрүн, суусундуктарды жана тамекини чыгарган ишканалар өлкөбүздүн кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 13,5%ын түзгөн. 2019-жылдын тогуз айында 101,3% индекс көлөмү менен 21 млрд 167,5 млн сомго керектүү товарлар өндүрүлгөн.

Сүт азыктары – 28,5 %, спиртсиз ичимдиктер – 17,5%, нан өндүрүү менен ундан жасалган кондитер азыктары – 15,1%, ун чыгаруу – 9,4%, эт – 9,4%ды түзгөн. Былтыр түшүм да начар болуп калып, 2018-жылга караганда быйыл жер-жемиш түшүмүн кайра иштетүү 61,6%га көбөйгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *