Кыргызстандык спортчу Екатерина Старикова Өзбекстанда өткөн гиря спорту боюнча Дүйнө чемпионатында дүйнөлүк рекордду жаңыртты

Кыргызстандык спортчу Екатерина Старикова Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн гиря спорту боюнча Дүйнө чемпионатында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлады.

Спорттук мелдеш 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин өткөн. Анда 16 өлкөдөн барган 325 спортчу күч сынашкан. Ал эми Кыргызстандын атынан 5 спортчу катышкан.

Екатерина Старикова 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 10 мүнөттүн ичинде 16 килограммдык гиряны 266 жолу көтөргөн. Жыйынтыгында алтын медаль тагынып, дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Эскерте кетсек, буга чейин рекорд Украиналык спортчу Любовь Черепахеге таандык болчу. Ал 16 килограммдык гиряны 260 ирет көтөргөн. Бул рекорд 9 жыл кармалган.

Мындан тышкары Дүйнө чемпиондугунун алтын медалдарын кыргызстандык Александр Петров, Тариэл Бакиров, Алмаз Балтабаев жана Александр Сапожников тагынышты.

Екатерина Старикова3

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *