Кыргызстандык жаран 3 баласы менен аялын таштап, Россиядан башка бирөөгө үйлөнүп алган

Үч баланы тарбиялап жаткан аял акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине кайрылды.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, арыз ээсинин күйөөсү Россияга иштегени кеткен. Ал жактан дагы бирөөгө үйлөнүп, эми Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө жардам берүүдөн баш тартууда.

Жалгыз бой эненин айтымында, ал мамлекеттен эч кандай жардам албайт, туруктуу жумушу жок жана имарат тазалап кошумча акча табат. “Тапкан кирешеси балдарды багууга араң жетет” дешти укук коргоочулар.

Акыйкатчынын өкүлдөрү Аламүдүн райондук администрациясына мамлекеттик жана башка төлөмдөрдү алуу үчүн аялга юридикалык кеңеш берүү, ошондой эле ага райадминистрациянын каражаттарынан материалдык жардам көрсөтүү маселесин карап берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Мындан тышкары, ушундай эле кат Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *