Кыргызстандын аброю көтөрүлдү, бирок, курч маселелер алдыда

Эске салсак, жаз айларында президент Сооронбай Жээнбековдун өз алдынча саясат жүргүзө баштаганы, коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү түрдө жетектегени менен саясый бедели көтөрүлө түшкөн.

Учурда да чоң секирик болду. Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити, Көчмөндөр оюндарынын өтүшү менен эл аралык коомчулукта Кыргызстаныбыз даңазаланды. Президенттин аброю дагы көтөрүлдү. Албетте, жыл жакшы көрүнүштөр менен коштолууда. «Тойдун эртеси да болот» демекчи, майрамдардан соң карапайым элдин көйгөйү, кышка даярдык камылгасы түйшүк жаратат. Экономикалык, социалдык абалыбыз баштагыдай болбой, эксперттер биз ооздон өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин иштей албай атканын айтышууда. Сын пикир курчуду. Мына ушундай «өгүз өлбө, араба сынба» деген абалыбыз көпкө узабай калбайбы? Эртең эле элибиз кыйкыра баштайт. «Кана, эмнени кыйраттыңар?» деген курч суроолор коюлат. Саясый интригалар козуп, өкмөттүн «шалаакылыгынан» ыргыткан таштын баары президентке багытталат. Ушул жагын алдын ала ойлонушту бекен?..

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *