Кыргызстандын алтын запасы – 14,3 тонна

Улуттук банктын эл аралык резерви 2019-жылдын сентябрына карата 2,2 млрд долларды түзгөн. Алардын алтын резерви – 688,5 млн доллар. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

КР Улуттук банкынын алтын көлөмү – 14,3 тонна. Июлдан бери 4,4%га көбөйгөн. Эгерде аларды рынокто таза унций (31,1 грамм) менен сатса, 55,6 млрд сом таба аласың.

Чет элдик валюталардагы активдер – 1,1 млрд доллар.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *