Кыргызстандын эки жолу бар: же Сомали, же Сингапур?

“Коомдук тартип, жеке коопсуздук, экономикалык жана социалдык өнүгүү өзүнөн-өзү пайда болбойт, бул эл көзөмөлдөгөн өкмөттүн таза жана таасирдүү эмгегинин үзүрү”.

Ли Куан Ю,

“Артта калган өлкөдөн алдыга озгондо : Сингапурдун тарыхы” китебинен (1965-2000)

2019-жыл мурдагы президент менен азыркы президенттин тиреши менен элдин эсинде калмай болду. Аз болгондо, жарандык согуштун деңгээлине өтүп кетмек. Бирок, С.Жээнбеков менен А.Атамбаевдин тиреши Кыргызстан үчүн чектен чыккан окуя деле эмес, эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет экономикада, саясатта туруктуу боло албай келет.

Эки ыңкылап (элдин жашоосун оңдой албаган), мезгил-мезгили менен болуп турган митингдер, ар кандай саясый топтордун тиреши, экономикалык алсыздык, улут аралык араздашуулар, диний радикализмдин өсүшү – эгемендүү Кыргызстанда болгон терс көрүнүштөрдүн чети гана.

“Сомализация” белгилери

Эң башкы көйгөрлөрдүн бири – 30 жылдын аралыгында саясый жана интеллектуалдык элитадан кыйын кырдаалдан чыга турган реалдуу долбоор чыкпады. Элита менен лидерлер ага аракет деле көрүшпөгөндөй, анткени эч кимисинде ондогон жылдарга багытталган Кыргызстандын өнүгүү стратегиясы жок. Саясый күчтөр ортосунда өлкө келечеги үчүн биригүү деген караманча жок, саясый сахнада “бардыгы бардыгына каршы” деген күрөш жүргөндөй, кландар менен ар кандай саясый топтор бири-бири менен тирешип, жалпы улуттук долбоор иштеп чыгууга чамалары келбеди. Эң оор кырдаал 2010-жылы түзүлдү, өлкө согуштун оозуна барып калган. Дал ошол мезгилде дүйнөлүк басма сөздө Кыргызстанды “келечеги жок өлкөгө” салыштырып, “экинчи Ооганстан же экинчи Сомали” деп атай башташкан.

Кыргызстандын алигүнчө өнүгүү стратегиясын иштеп чыгалбай жатканынын дагы бир себеби – 1990-жылдарда кетирилген каталар болуп калды. Андагы президент Аскар Акаев “демократия аралы” деген стратегияга басым жасап, батыштын баалуулуктарын сокур кишидей эле көчүрүп келип, чарбалык байланыштар үзүлгөн, идеологиялык кризиске баткан постсоветтик мейкиндикке таңуулай баштаган. Бирок Акаев жана анын командасы демократиялык принциптерди киргизүү үчүн өлкөдө тийиштүү экономикалык базис калыптанышы керектигин этибарга алышпады, ал эми коомдук мамилелерди либералдаштыруу Кыргызстанга радикалдуу агымдардын киришине шарт түзүп берди.

Мамлекеттик органдардын таасири жок болуп, бийликке болгон ишеним тайып, салттуу жана диний институттар бош калган жерлерди ээлей баштады. Ойлонбой туруп либералдык принциптерди Кыргызстандын шартында киргизүү тескери таасир берип, коомдун ар кайсыл өлкөнү туурай берүүсүнө шарт түзүп берди.

Сингапурдун тажрыйбасы

Ошентип, “Демократиялуу Кыргызстан” долбоору жүзөгө ашпады, ашпайт дагы болчу, анткени экономикалык жана идеологиялык кризис учурунда бул мүмкүн эмес. Бирок жеңилтетилген түрүндөгү демократиялык режим да бизге жукпайбы? Бул жерде түшүндүрө кете турган жагдай, демократиялык режимди экиге бөлсө болот: батыштыкы жана чыгыштыкы. Биринчинин пайдубалында либералдык баалуулуктар менен жеке эркиндик жатат, ал эми азиялык демократиялык мүнөздүн принциптерине коллективизм, жеңилдетилген авторитаризм кирет. Азиялык демократиянын эң ийгиликтүү үлгүсү абдан өнүккөн чакан мамлекет – Сингапур. Сингапурдун алгачкы премьер-министри, ошондой эле “сингапурдук экономикалык кереметти” жаратакандарды бири болгон Ли Куан Ю мыйзамдын (“диктатурасына”) катуу иштешине жана жалпы коомдун кызыкчылыгын (“коллективизм”) көздөөгө басым жасаган. Бул жети баштуу коррупция менен күрөшүүгө, жердешчиликке, кесипкөйлүктүн жоктугуна, коомго зыян келтирүүгө каршы курал болуп бере алды. Ал үчүн өтө жогору айып пул салуу, узак мөөнөттүү кылмыш жазасы, атүгүл эл алдында таяк менен сабоо системасы колдонулган. Тегин жерден Сингапурду “Өлүм жазасы менен ойногон диснейленд” аташкан эмес. Мындан тышкары, Ли Куан Ю малайлык улутчулдар менен кытай коммунисттерине таянган оппозицияны тыптыйпыл кылып, көпчүлүк ММКларды көзөмөлгө алды, башка чоң өлкөлөрдүн (Кытай, Малайзия, атүгүл АКШнын) Сингапурдун ички иштерине кийлигишүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеди.

Бир карасаң, Сингапурда демократиялык өлкөлөрдүн белгилери жок сыяктуу, өзгөчө европалык кишинин көзү менен карасаң. Бирок Ли Куан Ю көпчүлүк лидерлердин колунан келбегенди жасай алды: жыйырма жылдын аралыгында артта калган Сингапурду Азиядагы гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөгө айландырды. Бул ийгиликке гана суктанып тим болбой, ага жетүүнүн жолдоруна да суктансаң болот.

Улуу Британиянын таасиринен чыгып, Малайзиянын бир бөлүгүнө айлануу аракетинен кийин, эгемендүүлүк алганы Сингапурдун саясый элитасы чоочун системаны көчүрө бергенден пайда чыкпастыгын, андан көрө элдин өзгөчөлүгүн эске алуу менен эң мыкты ишке ашкан практикаларды колдонуу (мисалы, англис тилин киргизүү) керектигин түшүндү. Бул арал-мамлекеттин калкынын көбүн кытайлыктар түзөт, ал эми кытайлыктар үй-бүлөнү/жамаатташуну/өзүнчө бир коом болууну жактырат, жалпы ийгилик үчүн алар керт башын да ойлошпойт. Ли Куан Ю кытайлыктарды гана бир муштумга бириктирбестен, Сингапурда жашаган башка улуттарды да бир улуттук идеянын айланасына кошо алды – “ийгиликтүү бололу, жетиштүү жашайлы” деген ураан айтылды.

Кантип Кыргызстан Сингапурдун тажрыйбасын пайдалана алат? 

Эң биринчи кезекте, кыргызстандыктарды мыйзам менен тартипти сыйлаганды үйрөтүү керек. Чындыгында Кыргызстанды “укуктук мамлекет” деп айтууга ооз барбайт, бирок кыргызстандыктар да, сингапурлуктар да жамаатташууну, үй-бүлөнү эң башкы баалуулук катары карашат. Укуктук принциптерди четке кагуунун бир мисалы катары – көчөгө түкүргөнү үчүн 5 500 сом (80 $) айып пул салуу аракети болду. Кыргызстандыктар муну кабыл албады: түкүрбөй койгондун ордуна нааразы болушуп, айып пулдун көлөмүн азайтууну талап кылышты. Бул жерден Сингапур менен параллель жүргүзсөк болот: көчөгө түкүргөнү, акыр-чикир ыргытканы үчүн жогорку айып пулдар салынып, Сингапурда азыр идеалдуу тазалык орноду, ал эми Кыргызстандын шаарлары жөнүндө минтип айта албайсың.

Ошондуктан, өлкөнүн саясый жана интеллектуалдык элитасынын позициясы өтө маанилүү, алар өздөрү жеке жүрүм-туруму менен коомдун жыргалчылыгы үчүн мыйзамды сактап, өз кызыкчылыгынан баш тартып, өрнөк боло алышат. Кыргызстанда Сингапурдагыдай лидер чыга алабы? Ал коомдогу бардык топторду бириктирип, бир улуттук идеянын айланасына чогултуп, өлкөнү кризистин сазынан чыгара алабы? – бул, албетте, риторикалык суроо, бирок ошол эле учурда абдан актуалдуу.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: ia-centr.ru

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *