Кыргызстандын ишканалары Кытайга сүт азыктарын эскпорттоо укугуна ээ болду

Эми Кытайга 13 кыргыз ишканасы сүт азыктарын (кургак сүт, сыр) экспорттой алышат. Бул тууралуу 13-январда КРнын ветеринардык жана фитосанитардык коопсузду боюнча маминспекцясынын басма сөз кызматы билдирди. Атамекендик 13 ишкана 2019-жылдын 13-июнунда Кытай Эл республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын реестрине катталган. Быйыл гана Кытай тарап менен ветеринардык сертификаттар макулдашылып бүттү. Эми ишканалар сүт азыктарын экспорттой берсе болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *