Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери түзүлдү

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлери түзүлүп, анын кол башчысы болуп Эрлис Тердикбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кургактагы аскерлер өлкөнүн аскердик коопсуздугун бекемдөө максатында түзүлдү. Жарлыкка ылайык, жаңы аскердик бирикме өлкөнүн Генералдык штабына түз баш ийет жана кургактагы аскер бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башкаруу органы болуп саналат.

Кургактагы аскерлердин командачысы кызматка президент тарабынан дайындалып, президент тарабынан бошотулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Дениз флотубуз болгон да эмес, аба кучторубуз болгон кундо да учактын озу жок, а мурдагы аскерибиз кургак эмес беле? Бир барак кагазга буйрук чыгарып койгондон оодо эмес го дейм бул чара. Болбосо аскерибиз саны канчага осот, курал жабдыгы канча жакшырат, айткыла!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *