Кыргызстандын мамбүджетинин дефицити – 3 млрд сом

2019-жылдын январь-октябрь аралыгында мамбүджеттин жалпы кирешеси 125,4 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борбордук казынасында айтылат.

Анын ичинен республикалык бүджет 109,9 млрд сомду түзсө, жергиликтүү бүджеттердин кирешеси – 17,8 млрд сом болгон.

Көрсөтүлгөн аралыкта мамбүджеттен жалпы 128,5 млрд сом төлөмдөр төлөнсө, анын ичинен республикалык бүджеттен – 114,3 млрд сом, жергиликтүү бүджеттерден – 16,4 млрд сом төлөмдөр төлөнгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында мамбүджеттин дефицити – 3 млрд сомдон ашыгыраак, республикалык бүджеттики – 4,4 млрд сом. Ошол эле учурда жергиликтүү бүджеттер профифицит менен аткарылган – 1,4 млрд сом.

Дале болсо, кирешебизге караганда, чыгашабыз көп болуп келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *