Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев швейцариялык көркөм фильмдеринин продюссери Андре Мартан менен жолукту

Кечээ, 3-сентябрь күнү Элчиликтин Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан ишинин алкагында, кыргыз тарабынын демилгеси боюнча  Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчиси  Данияр Мукашевдин швейцариялык көркөм фильмдеринин продюссери Андре Мартан менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар швейцариялык көркөм фильмдердин продюсери тарабынан белгилүү швейцариялык саякатчы-изилдөөчү, жазуучу, фотограф Элле Майярга арналган көркөм фильмин  Кыргызстанда тартуу маселелеси талкууланды. Элле Майяр 1930-жылдарда Кыргызстанды кыдырып бир мезгил жашагандан кийин Орто Азиянын республикаларына жасаган  саякаты тууралуу кипет жазып чыгарган.

Швейцариялык продюсердин пландарына ылайык, швейцариялык тарап тасмага керектүү даярдык иштерин бүтүргөндөн кийин тасманын тартылышын эмки жылдын жайында баштоону каалайт. А.Мартан аталган долбоор кыргыз тарабынын жардамы менен ийгиликтүү ишке ашарына ишеничин билдирди жана бул фильм аркылуу Швейцария жана башка өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүн кыргыз элинин улуттук маданияты, салттары менен жакындан тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

А.Мартан долбоордун даярдык иштеринин алкагында Кыргызстанга жакын арада барууга жана бул маселени тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана кыргыз кесиптештери менен талкуулаганга даяр экендигин баса белгиледи.

Каракол шаарынын тарых музейинде Элла Майярдын Кыргызстанда болгон саякатына арналган туруктуу экспозициясы орун алгандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *