Кыргызстандын Словакиядагы жаңы дайындалган элчиси Тышкы жана европалык иштер министрлигинин Башкы катчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Ишемби, 28-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Словак Республикасындагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Жусупов Словак Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин Башкы катчысы Лукаш Паризеке ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Лукаш Паризек Кыргызстандын Словакиядагы элчиси катары дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызматташууга чоң потенциал бар экендигин айтып, аны боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн колдонуунун зарыл экендигин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Бакыт Жусупов кыргыз-словак мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баардык күчтөрүн жумшоого даяр экендигин билдирди.

Ошол эле күнү, Элчи Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия департаментинин директору Михал Сливович менен жолукту. Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык актуалдуу маселелерин талкуулашты жана аларды андан ары өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *