Кыргызстандын жана Азербайжандын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Бакуда жолугушту

Бүгүн, 14-октябрь күнү Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин мамлекет башчыларынын жетинчи Саммитин даярдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министолигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар 2019-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында болуп өткөн экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын III-жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты, ошондой эле ар кандай деңгээлдерде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду бекемдөөнүн зарылчылыгын баса белгилешти.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *