Кыргызстандын жана Кореянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүштү

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Корея Республикасынын тышкы иштер министри Канг айым менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.
Ошондой эле эл аралык күн тартибинин, анын ичинде «Борбордук Азия + Корея Республикасы» диалог аянтчанын алкагында ДСУ, БУУ жана башка маселелер боюнча сөз болду.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен эки өлкөнүн жарандары өз ара каттоолорун жаңылоо боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *