Кыргызстанга Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев келди

Кыргыз Республикасына бүгүн, 16-сентябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 16-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн келди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *