Кыргызстанга дагы бир Дордойдун кереги барбы?

Ушул жылдын июнунда КЭРнын Төрагасы Си Цзинпин Бишкекке келип кетти. Сапардын учурунда Кыргызстан КЭР менен 6 миллиард долларлык инвестицияга кол койгону жарыяланды. Бирок андан бери бир нече ай өтүп кетсе да иш ордунан жылбай турат. Баса, жакында эле ишке ашышы ыктымал болгон кайсы бир долбоор туурасында кеп козголду. Бирок бул коомчулуктун таң калуусун жаратууда.

КЭРнын делегациясы менен жолугушкан вице-премьер Замирбек Аскаров Кыргызстандын Нарын областында соода-логистикалык борбор ачылып, 13 миң кыргызстандык жаран жумуш менен камсыз болоорун билдирди. Долбоордун наркы – 280 миллион долларды түзөт. Мунун баары Кытайдан келе турган инвестициянын эсебинен ишке ашаары айтылууда. Кийинчерек бул Кытайдан келчү товарларды убактылуу сактай турган кампа боло турганы маалым болду.

Эми суроо жаралат: мындай асман чапчыган баа деги кайдан алынган? Маселен, Казакстанда “А” класстагы (б.а. эң мыкты делинген) соода терминалынын 1 чарчы метри 700 доллар турат. Бизде да кыязы ошондой болот шекилди. Ал эми Аскаров айткан сумманы эсептесек ал 400 чарчы метр кампа курганга жетет! Салыштырып көрөлү: Бишкектин бүткүл аймагы жалпысынан 169 чарчы километрди түзөт. Дордой базарынын аянты – 1 чарчы километр (ошентсе да бизге абдан чоң көрүнөт). Демек бизге дагы бир ири Дордой куруп бергени жатышабы?

Мындайча айтканда, Нарынга өлчөмү эки Бишкекке тең келе турган логистикалык борбор курууну көздөп жатышат окшойт!? Анда Аскаровдун 13 миң адамга иш табылат дегени түшүнүктүү. Демек ал жерде да баягы “Жол! Жол!” деп көнүмүш кыйкырып иштеген арабакечтер жайнап, бир аягынан экинчи башына керели кечке кыдырат окшобойбу. Мындайча айтканда, өкмөттөгүлөр бул жерде да Дордойдой дуулдаган базар болот дешип сары санаага байып атышат окшойт.

Бул эмне деген сандырак кеп? Кичинекей Кочкор районуна мындай базардын эмне кереги бар? Ал жакта жол жок, болгону Бишкекке гана бир жол чыгат. Темир жол деген да жок (балким аны да кытайлар куруп жиберер, бирок качан курарын бир Кудай билбесе). Дегеле кытайларга бул кампанын кандай зарылдыгы бар? Торугартка жөнөтүлүп турган товарлардын басымдуу бөлүгү биздин өлкө аркылуу өткөндүктөн, бажыга катталбайт. Товарды фуралардан түшүрүп да кереги жок.

Аталган долбоордун наркы реконструкцияланып жаңыдан курулган Бишкек ЖЭБдин наркына барабар. 280 миллион долларга Жогорку Нарын каскадына эки ГЭС курса болот. Бишкек ЖЭБ менен Жогорку Нарын каскады боюнча чечим кабыл алынып жатканда адистер мунун абдан келечектүү жана зарыл иш экенин айтышкан. Эки ГЭС курулса го андан пайда гана болмок, бирок Нарынга курула турган олчойгон кампадан кандай пайда түшөт? Буга ишенип болбойт.

Кытайлар чоң курулуштарды курганга маш. Улуу Кытай сепили буга далил. Бирок Кыргызстанга алар мындай чоң объектини жөн эле белекке куруп бербейт да! Демек, кеп алардан кредит алуу туурасында жүрүп жатат. Ал мамлекеттин кепилдиги менен алынаары анык. Бирок Кочкорго курула турган мындай курулуштун акыбети болор болбосун ким эсептеп чыгыптыр? Өзүн актайбы деги бул? Долбоордун техникалык – экономикалык негиздемеси кайда? Ал ким менен талкууланган? Кытай менен
түзүлө турган кредиттик келишим кана? Акчаны кандай үстөк менен берет? Айтор, суроо көп болгону менен жооп жок.

Элдин баарын таң калтырган мындай долбоордун талкууга алынып жатышы – учурдагы өкмөттүн чабалдыгын гана көрсөтүп турат. Эгерде мындай келишим коомчулуктан бекитилип түзүлө турган болсо, анда оңбогондой коррупция деген ушул жана кредит ансыз да карызга батып турган Кыргызстанды биротоло сызга отургузушу турган. Айтор, “аймактарды ушундайча өнүктүрүп” жатканы үчүн бийликке ырахмат, бирок бизге мунун кереги жок, өзүлөрүнө буюрсун.

Азамат Кангелдиев

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *