Кыргызстанга мыйзамсыз 2 млн 762,5 миң сомдук тамеки киргизип бараткандар кармалды

Бул тууралуу 6-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Бажычылар Нyundai Рorter автоунаасын токтотуп, текшере келишкенде, акциздик маркасы жок Milano сигареттеринин 65 миң кутусу табылган. Жалпы жонунан коңшу өлкөдөн мыйзамсыз түрдө 1,3 млн чылым киргизүүгө аракет кылышкан.

“Токтоткон учурда, айдоочу товарга тиешелүү бир дагы документти көрсөтө алган жок. Факт Бирдиктүү кылмыш реестрине киргизилди. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *