Кыргызстанга жасалма паспорт менен киргенге аракет кылган Түркиянын жараны колго түштү

Кечээ, 13-январь күнү Кыргызстандын аймагына жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн, 14-январь күнү билдирди.

Маалыматтар боюнча, Казакстандан келген 35 жаштагы чет элдик жаран «Чалдыбыр» өткөрмө пунктунан кармалган. 1983-жылы туулган У.И. аттуу Түркиянын жараны чек арачыларга паспортун көрсөткөндө, алар паспорттун жасалма экенин байкашкан.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине андан ары текшерүү үчүн өткөрүп беришкен.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *