Kyrgyztoday.kg порталына жарыяланган макала Улуттук сынакта сыйлыкка татыды

Бүгүн, 7-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө социалдык маанилүү темаларда жазган жаш журналисттердин публицистикалык иштеринин Улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

«Мамлекет, масс-медиа жана жарандык коом» темасындагы публицистикалык иштерге сынак 2018-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейинки мезгилде социалдык маанилүү темаларда жазган жаш журналисттерди сыйлоо жана өбөлгөлөө максатында өткөрүлгөн.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 3-орунду «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин 2-курсунун студенти Самира Шарипова «kyrgyztoday.org» интернет-порталында 2018-жылдын 5-декабрында жарыяланган «Үйлөнүү оңой, бирок үй-бүлө куруу кыйын» аталышындагы макаласы үчүн ээледи.

Белгилей кетсек, Сынактын бардык жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай байгелерди алышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *