Кытай коронавирустан жапа чеккен өлкөлөр үчүн 2 млрд. доллар бөлөт

Кытай жакынкы күндөрдө коронавирустан жапа чеккен өлкөлөр үчүн эки миллиард доллар бөлө турган болду. Бул туурасында Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ассамблеясында сүйлөгөн сөзүнө таянып кабарлады.

Анын айтымына караганда, акча өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилет. Ал муну менен кошо эле Кытай бардык өлкөлөргө пандемия боюнча ачык маалымат берүү маанилүү экендигин айтты.

БУУ менен кызматташууда Кытайдын аймагында эпидемияга каршы күрөшүү каражаттарына муктаж болгон мамлекеттерге берүү үчүн глобалдуу кампа уюштурулат. Ал эми аталган каражаттарды жеткирүүгө атайын мүмкүнчүлүктөр каралат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *