Кытай ТИМи: Бир нече мамлекеттин өтүнүчтөрүн эске алып, Пекин аларды төлөнө элек карыздарынан бошотууну чечти

“Айрым өлкөлөрдүн мамлекеттик карызынын көбөйүшү менен байланышкан көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик Кытайдын мойнунда эмес” деп билдирди КЭР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзян кезектеги ведомстволук пресс-брифингде.

Дипломат Кытай экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу боюнча чараларды күчөтөрүн баса белгиледи.

“Бир нече мамлекеттин өтүнүчтөрүн эске алып, Пекин аларды төлөнө элек карыздарынан бошотууну чечти”, – деп кошумчалады ал жана Кытай коронавирус менен жабыркаган дүйнөнүн жакыр өлкөлөрү үчүн жылдын акырына чейин карыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдү тоңдуруу боюнча G20 тарабынан көтөрүлгөн демилгени колдойт деп кошумчалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *