Кытай жазмаларында кыргыздарга 3000 жыл

Кыргыздар тууралуу кытай жазмаларында 3000 жыл мурда маалыматтар кездешээрин кытайлык көрүнүктүү окумуштуу Ю Тайшан өз изилдөөсүндө билдирди. Мындай маалыматты кыргыз коомчулугу кубануу менен кабыл алышты. Бирок ошол эле учурда биздин айрым окумуштуулар андан кыйкым издеп, шектенген пикирин социалдык тармакта жазып чыгышты. «Кыргыз» этнониминин эскерилиш тарыхын б. з.ч. 201-жылдан да алда канча эртерээк доорго таандык экенин жазган кытайлык заманбап тарыхчы, булак таануучу, түрколог,             кыргыз таануучу, синолог              Ю Тайшан мырза — ​өз өлкөсүндө кадыр-баркка ээ адис.

Ал 1945-жылы 10-июлда Кытайдын Шанхай шаарында туулган. Ал көөнө ханзу булактарын мыкты билген чыгыш таануучу катары маалым.

Учурда ал Кытайдын Коомдук Илимдер академиясынын (ККИА) ардактуу мүчөсү.

Ал 1981–2009-жылдары ККИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери, бул институтка караштуу Евразия изилдөө борборунун директору, ж. б. кызматтарда иштеген. Кытайдын байыркы тарыхына арналган ондогон илимий эмгектерди жазган өтө абройлуу тарыхчы.

Мындай маалыматты кытайлык окумуштуулар эң алгач ушул жылдын 26-апрелинде Пекин шаарында КР Президенти Сооронбай Шарипович менен жолукканда маалымдашкан. Ал эми 9-июндан 19-июнга чейин Кыргызстанга келген кытайлык жоон топ тарыхчылар, аларды жетектеп келген Кытай Коомдук илимдер академиясынын вице-президенти Ванг Жинчин мырза, Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун директору, профессор Бу Шиянчүн мырза да Ю Тайшандын маалыматынын өтө олуттуулугун айтышты. 10-июнда Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Кытай тарыхчыларынын биргелешип өткөргөн эл аралык илимий жыйынында да Ю Тайшандын маалыматы колдоого алынды. Бул биздин биргелешкен изилдөөбүздүн алгачкы жыйынтыктары деп эсептесек болот.

Биргелешкен изилдөө жөнүндө кыскача маалымат иретинде

Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилине байланыштуу тарыхый жазма булактар негизинен Кытай Эл Республикасынын архивдеринде, музейлеринде, китепканаларында сакталып келет. Эгемендүүлүккө чейин бул архивдик документтер менен негизинен орус окумуштуулары, саналуу гана кыргыз тарыхчылары эмгектенип келишкен.

Ал эми эгемендүүлүк жылдары айрым архивдик документтер кытайлык кыргыз окумуштуулар тарабынан изилденип, которулуп жарыяланып келет. Бирок комплекстүү түрдө изилденбей келди. Буга биринчиден кошуна өлкөлөрдөгүдөй мамлекеттик көңүл буруу болбой, каражат маселеси каралбай келсе, экинчиден эски кытай тилин билген адистердин жетишсиздиги болду. 2014–2017-жылдары Пекиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинде эмгектенген Кубатбек Жусаевге Кытай архивдеринен маалыматтарды жыйноо тапшырмасы берилген. Бирок ал ишке ашкан эмес.

2018-жылдын июнь айында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына барган мамлекеттик визитинин учурунда кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө алкагында Кытайдын архив, музей, китепканаларынан кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди изилдөө жана жыйноо демилгесин КЭР жетекчилиги колдоого алып, мүмкүнчүлүк түзүп берерин билдиришкен. Ошондон кийин Кытайдагы архивдик документтер боюнча ишти жүзөгө ашыруу «Мурас» Фондуна жүктөлгөн.

Президенттин тапшырмасын жүзөгө ашыруу үчүн 2018-жылдын 25-июнунан 5-июлга чейин “Мурас” Фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытай Эл Республикасына барып, Кытай Коомдук академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштуулары менен таанышып, байланыш түзүп, архивдик документтерди изилдеп, жыйноо иштери боюнча сүйлөшүп кайткан. Аталган окумуштуулар менен байланышты чыңдоо үчүн “Мурас” Фонду аларды 2018-жылы авгус-сентябрь айларында Бишкек-Ысык-Көлдө өткөн Алтаистика боюнча ПИАКтын 61-эл аралык жыйынына жана Дүйнөлүк 3-Көчмөндөр оюнуна чакырган. Чакырууну кабыл алып Кыргызстанга келген, эски кытай тилин мыкты билген, Кытайдын байыркы тарыхы боюнча көрүнүктүү адис-окумуштууларды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы 29-августта кабыл алган. Ошол жолугушууда Кытай тарыхчы-окумуштуулар менен КЭР архивдеринен кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди изилдөө жана жыйнап которуу маселелери талкууланып, ортодо жылуу маанай жаралган. Кытай окумуштуулары биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдиришкен.

Чындыгында Президенттин Кытай окумуштууларын кабыл алышы, алардын Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк 3-Көчмөндөр оюнун көрүүсү, Бурана, Суяб, Ош, Өзгөн тарыхый жайларды кыдыруусу аларга шык берип, Кыргыз тарыхы боюнча архивдик документтерди жыйноого ишеним жараткан. Алар өз изилдеген доорлор боюнча бөлүшүп алышып, изилдөө иштерин башташкан. Ошондой эле 2019-жылдын 13–14-июнунда КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болуучу расмий сапарына жана ШКУнун Бишкекте өтүүчү Саммитине арнап англис-кытай тилинде атайын жыйнак чыгараарын билдиришкен эле. Алар өз убадасына туруп, ал жыйнакты чыгарышып, Президентке тапшырышты. Кыргыз мамлекет башчысы ал китепти КЭР төрагасына берип, ыраазычылыгын билдирди.

Кытайдын архив, китепкана, музейлериндеги архивдик документтерди биргелешип изилдөө, жыйноо, которуу жана басып чыгаруу боюнча Кытай Тарых изилдөө институтунун жетекчилиги расмий түрдө макулдашуу түзөлү деген сунушун кабыл алып, “Мурас” Фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов 2019-жылы 20–25-январда Пекин шаарына барып, Кытай Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Шиянчүн менен 22-январда биргелешип кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюшкан.

Ошентип, 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн Макулдашуунун алкагында иш жүрүп жатат. Баалуу архивдик документтер да табыла баштады.

Кытайлык окумуштуулардын маалыматына караганда Манжу династиясынын (17–18 кылым) дооруна тийешелүү кыргыздар тууралуу 2800 беттен турган архивдик документ табылган. Хан, Тан доорлоруна тийешелүү да маалыматтар табылууда.

Кытайлык тарыхчылар 9–19-июнда кайрадан кыргыз жергесинде болушуп, Чүй, Ысык-Көл, Кочкор, Өзгөн, Ош, Араван чөлкөмүндөгү тарыхый жайлар менен таанышып чыгышты. Кетээринде, 18-июнда алар кайрадан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, кеңири пикир алышып, шыктануу менен өз мекенине кайтышты. Буюрса алдыда жаңы табылгалар, маалыматтар, ачылыштар болооруна ишеним артып туралы.

Кыяс Молдокасымов, “Мурас” Фондунун төрагасы

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *