Кытайда коронавирусту жеңе баштады

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө ооруусу жайылып баратканы байкалган.

Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер анда, ал дарттын козгогучу коронавирустун жаңы тиби экендигин болжолдошкон.

Сүйүнүчтүү кабар, акыркы күндөрдө Кытайдын бир катар шаарларында вирусту жуктуруп алган жаңы фактылар жок экендиги байкалды. Ал эми Ухань шаарында коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер алгачкы жолу бет каптарын чечишти. Бул карантинге алынган оорулуулар азая баштаганынын урматынан эле. Хубэй провинциясындагы баардык шаарларда бир жумадан бери вирус жуктурган бир дагы жаңы факт каттала элек. Ал эми Хубэйден башка аймактарда вирус жуктурган жети учур катталды. Анын алтоо чет өлкөдөн келген жарандар болуп чыкты. Деген менен, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму короновирусту дуйнө жүзүнө бат жайылып жаткан пандемия деп жарыялады.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *