Кытай мамлекети кыргыз ишкерлерине виза бербей кыйнап жатат

Кытайга каттаган кыргызстандык ишкерлер менен жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары виза ала албай убара тартып жатышканын маалымдашты. Тышкы иштер министрлиги буга Кытай тараптын чет өлкөлүк жарандарга виза берүү тартибин катаалдантканы себеп болгонун айтышууда. Кыргызстанда Кытай менен байланышып бизнес кылгандар арбын. Алсак, базардагы товарлардын көпчүлүгү Кытайдан алынып келинет. «Дордой» базарындагы соодагерлер мурда тынымсыз Кытайга кирип-чыгьш, товар ташып жүргөн болсо, акыркы эки жылдан бери виза алуу оорлогонун, соода иштери солгундаганын белгилешти.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *