Кытайлар менен көңүл ачкан кыздарыбыз кейитет

Дагы бир окуянын күбөсү болдук. «Акырыныңыздар… бу коомдук тамактануучу жай» деген сөзгө эле кытайлык конок жулунуп, ызы-чуу салды. «Депутатка телефон чалам, көргүлүктү көрсөтөм» деп көкүрөгүн көтөрүп чыкты. Бул интернет желелерине жайылып кеткен кичинекей гана эпизод. Көшөгө артында кытай фирмаларынын арзыбаган акчасына иштеп, алардын чатак кыялдарына чыдап, өз өлкөбүздө башка улуттарга басмырланган учурлар арбын. Кытайлардын «Хайрун» фирмасына убактылуу иштеп көргөн окуяларын Медер (аты өзгөртүлдү) аттуу окурманыбыз бөлүшүп кетти.

– Медер, кытайлар менен жетелешкен кыздарыбызга күйгөнүңдү айттың…

– Мен кытайлардын «Хайрун» фирмасында кошунамдын ордуна убактылуу иштеп калып, көп окуялардын күбөсү болдум. Айрыкча кытайлардын күндө бир кыргыз кыздарын жетелеп жүргөндөрү көкөйүмө тийди. Кечээ кечинде ал фирма алдынан кытай улутундагы адамдын унаасына түшүп бара жаткан жапжаш кызды көрүп, өз насаатымды айтсам, кытай жараны үрпөңдөп кайра мага үстөмдүк кылып корсулдап, кароолчулардын жетекчисин чакырып, «бул кайдан келген неме, айып салгыла, чыгарып салгыла!» деп басмырлады. Кыз 1998-жылкы жапжаш кыз экен. Ал дагы уялбай «ишиңиз болбосун, бул менин бир жылдан бери сүйлөшкөн жигитим» деп чыкты. Ал жакта иштегендер «мындай окуялар күн сайын кайталант. Көнүп да калганбыз. Өздөрүн билген кыздарга деле катуу айта албайсың. Катуу айтсаң энелерине чейин келип чуу салып кетишет. Буга биздин жеңил-желпи кыздарыбыз да күнөөлүү» дейт.

– Кыздарыбыз эле эмес болор-болбос акча үчүн өзүбүздүкүлөр башка улуттарга жумушчу күчтү басмырлап бергени арбынбы?

– Фирманын жетекчилери кыргыздар, иштеткен ээлери кытайлар экен. Башында эле акчаларын бөлүштүрүп, «мынча акчага деле жумушчу күч агылып келет» деп жарыбагандай айлык акы коюшуптур. Жекшемби күндөн башка ар бир күнү эртең мененки 7:30дан кечикпей барып, кечинде алтыда кетишет экен. Болор-болбос нерсеге айып пулдары да арбын. Анысы аз келгенсип, ал жерде иштөөнүн өз эрежелери бар. Жумуштан чыгуу үчүн жыйырма күн алдын ала арыз жазып коюу зарыл. Фирма жетекчилерине «ушундай көрүнүштөрдөн уялбайсыңарбы? Болбогон айлык акы үчүн кытайлардын алдында ушунчалык башыңарды салып берүү туурабы?» деп айттым.

– Ал фирмадагылар эмне жумуш аткарышат?

– Пластик трубаларды, панель, скотч чыгарышат. Экспорттору Өзбекстанга чейин кетет. Мисалы, жакынкы Казакстанга фирма ачып алып, күндө бир казак кызын жетелеп жүрсөк, казак туугандар кандай кабыл алат? Кытайлар болсо кенен-чонон басып жүрүшөт. Кайра бизге кыйын болуп чыкчыңдашат. Ушундай кыжырланууга дуушар кылган биздин тарбиясы тайкы кыздарыбыз менен акчанын кулу болгон өз мекендештерибиз жоопкерчиликсиз.

Айсара Байышбаева

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *