Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кыялбек Мукашев Финансы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кызмат-мансап

Кыялбек Мукашев Финансы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Финансы министрлигинин борбордук аппараты, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү эл өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрүп, элдин бийлигин таанып, Кыялбек Мукашев Белековичти бир добуштан министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындоону сунуш кылышты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыялбек Мукашев буга чейин экономика тармактарынын чыгымдарын пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда элдик комитеттер жана элдик кошуундар түзүлүп, министрликтин үзгүлтүксүз иштеши үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Алар Финансы министрлиги аркылуу жүргүзүлүп жаткан бардык каржылык операциялары мыйзамдуу бийликтин билдирүүсүнө чейин токтотулганын кошумчалашты.

Юстиция министри Айнур Абдылдаеванын кызматынан кетиши күтүүсүз болду

Юлия Калиниченко жана Бермет Турсункулова Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилери болуп дайындалды

Эшмамбет Аматов кайрадан “Кыргызтелеком” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды