Кыянбек Сатыбалдиевдин Жалал-Абадда аброю «нөл» экен

Буга чейин «диплому чала» деп сындалып келген өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин кашаңдыгы, иш билбеген мажирөөлүгү боюнча көп жазылды. Аталган облуста жергиликтүү кеңештеги шайлоолордо КСДП уттуруп келгенин билебиз. Себебин түшүнүп атасыңар да. Башчысы жарыбаса, эли тескери кетет тура. Эми алдыда президенттик шайлоо. Мындай шартта саясатташкан облуска ишбилги, чыйрак губернатор болбосо, кырдаал чындап эле тескери жагына оойт. Учурда Кыянбектин тажрыйбасыздыгы, уюштуруучулук жөндөмүнүн жетишсиздиги жагынан нааразычылыктар айтылып, жергиликтүү жетекчилер жогору жакка үндөрүн жеткизе албай жатышыптыр. Айтмакчы, жакында КСДПнын түштүк региону боюнча штаб башчысы Икрам Илмиянов Жалал-Абадды кыдырып, акимдер, жергиликтүү активисттер менен жолугушуп, бирок губернатор Сатыбалдиевди киши катары да көрбөй, аны эч бир жыйынга чакырбаптыр. Дал ушул жерден эле ачык байкалып атпайбы, Жалал-Абадды кандай «чоркок» адамга башкартып алышканын…

Булак: “Азия Ньюс”

3 comments

  • чагылган кыз says:

    Чын эле бала жаштык кылат экен, Майлуу-сууда иштегенде да шаар болунуп-жарылып кетти эле, азыр да облосту чогулта албай, жип учтарын таппай журот. Губернатор болуштан алдын, чондорго кошомат кылууну гана оздоштурбой, элге кызмат кылууну уйронуп, сынганды, болунгонду, чачыраганды чогултуп, бириктиргенди уйронсун. Окумоттун окулу саясий туруктуулугу, иш-билгиси жок, сабатсыз Кыян болсо, бийлик аман эле болсун!

  • чагылган кыз says:

    Ал алгач Ата-Журтта жургондо Мидин болчу, СДПК га откондон бери Кыянбек болуп калыптыр, эртен Республикага отсо Алёша болуп калбаса эле. Негизи аны колдогондор Бакиевдер, себеби бугунку кунго чейин анын жанындагы балдардын арасында, Ахмат Бакиевдин он колу, Ж-Абад шаарын менчиктештирип алган Мухтар деген ойрон инилери менен журот. Соке, койлорун чоолорго кайтартып калбаса эле…

  • МЫРЗА says:

    Мидин, личность совершенно бесцветная и не пользующаяся в широкой массе народа каким либо авторитетом. Про таких в простонародье говорят “человек не на месте”.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *