Кыянбектин кылыктары

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев акыркы күндөрү бай-манаптык кылык-жоруктары менен элдин кыжырына тийип баштаптыр. Беш-алты жан сакчылар менен жүрөт экен. Сумкесин да өзү көтөрбөй жардамчысына көтөртүп койгонун кантесиң. Кадимкидей каада күтүп калган Кыянбектин бул кылыгына маани берип, бул жигитке өкмөт ордун көрсөтүп койсо жакшы болмок экен. Анын үстүнө президентибиз Сооронбай Жээнбеков да айтпадыбы, атайын мамлекеттин мыйзамына ылайык президент гана кайтарууга алынышы шарт экенин. Президенттен башка бир да жетекчи кайтаруусуз эл менен бирге болушу керек. Анысына го мейли эми, жансакчыга өз чөнтөгүнөн төлөп берип жаткандыр. Сөздөн ишке өтсөк, Жалал-Абаддагы бардык алтын кендерине «доляга» отуруп алганын айтып жатышат айланасындагылар. Коррупция кайда жатканын укук коргоо органдары аңдап-билсе болоор эле. Аймактарды өнүктүрүүдө эң биринчи мыкты жетекчилер керек эмеспи. И баса, Кыянбек мырза президентгик шайлоодо Бабановго тымызын иштеп бергенин да каңкуулап жатышат. Бир ок менен эки коёнду атайын деген го кайран жигит.

Булак: Ачык саясат 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *