Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата – “Улуулук өлбөйт! Түбөлүк жүрөктө жашайт!”

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Улуулук өлбөйт! Түбөлүк жүрөктө жашайт!” аталышта өзүнүн “Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Мындан туура 10 жыл мурда, 10-февралда кыргыз элинин чыгааны, камчылаган кырааны Салижан Жигитовдун жүрөгү түбөлүккө согуудан калып, 13-февралда жерге коюлган. Быйылкы жылы 17-мартта ал 80 жашка чыкмак. Кыргызда кошоматтанбаган, чындыктан тайбаган, улутту улуулукка чакырган, акты ак деп, караны кара деп айткан Салижан агайдай адамдар чанда жаралган. Адабиятчы аалым агабыздын жаркын элесине арнап, жаңыдан чыга баштаган “Лидер” журналынын жаңы санына басылган макалабызды сунуштайм:

Мааракесин майрамдабаган, элин намыска чакырган инсан

Салижан Жигитовду жакындан билген ар бир адам жылмаюу менен эскерет. Анын кылык – жоруктары, азил-тамашалары, безге сайган таамай сөздөрү, курч макалалары менен курган маектери аны өңгөлөрдөн өзгөчөлөнтүп турат. Бир жыл өтөбү же жарым кылым болобу Салижан Жигитовдун айткандары менен жазгандары кыргыз үчүн эч маанисин жоготкус өспөс из. Ушул жылдын 17- мартында ал 80ге чыкмак. Бирок ал ушундай мааракелерди, өзгөчө өзүнүкүн шаан-шөкөт менен өткөрүүнү каалоочу да жактырчу да эмес.

Ал жөнүндө: «Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топурга, шаан-шөкөткө каршымын түбүнөн эле», – деп жазганы бар. Ал өзү да мааракелүү той-топурларда бир ааз отуруп, ушул жерде бөөдө убактымды өлтүргөндөн көрө үйгө барып китеп окуганым артык деп кетип калаар эле. Мамлекетти бүлүндүргөн, алдым-жуттум, уурулук жол менен байыган коомдук ишмерлер менен мамлекеттик кызматкерлер дүңгүрөтө мааракелерин өткөрүп калганда чыдамы кетип, тамаша-чынга аралаштырып айтаар сөзүн айтып калчу. Кыргыз интелигенциясынын ыкшоолугун, чоркоктугу менен билимсиздигин, коом үчүн кыпындай пайда алып келбес жатып ичерлигин Салижан Жигитовдой таамай айткан эч ким боло элек, балким дагы көпкө чейин болбостур. «Кыргыз интеллигенциясы келечегин көрбөй, кылчактап кедерине эле ыктай беришет. Баба дыйкан кара мээнети менен жерден мол түшүм алып, адал эмгеги аркылуу элинин курсагын тойгузгандай, кыргыз интелигенциясы талыкпай изденип, элдин акыл-эсин өстүрүү менен алдыга жетелеп, жол көргөзүп турса кана?! Кыргыз интелигенциясынын көзү чекесинде эмес, кежигесинде» – деген сөздөрү кылым өтсө да маанилүүлүгүн эч жоготпойт. Өзгөчө улут деградацияга учурап, келечек жолун таба албай мөгдүрөп турган азыркы учурда, кыргыз интелигенциясы жарамсыз болуп жатканы жалганбы?! Салижан Жигитовдун жан дүйнөсүн тээ жатагына чейин мыкты билген жакын досу, маркум Ишенбай Абдуразаков ал айыккыс дартка кабылып, акыркы күндөрүн өткөрүп жаткан учурда жолугуп, көзүнөн жашын агызып: “Билсеңер кыргыздын эң мыкты уулу менен соңку күндөрдү өткөрүп жатабыз. Эгер эртең Салижандан ажырап калсак кыргызга Салижандай адам кайтадан туулбайт. Андыктан аны барктап алалы” – деп айтканы бүгүнкүдөй эсимде. Мыктыны мыкты гана аңдап түшүнөт дегендей, кыргыздын эки кырааны менен чыгааны арабызда жок жашап келебиз. Мындай инсандар эми экинчи жаралбас! Армандуу дүйнө!

Салижан Жигитов ар бир окуяны тамашага салып, иронияга айландырып айтуунун эң мыкты устаты эле. Миң Түркүн дүр-дүнүйө дүкөнүнүн үстүнкү кабаттарынын биринде Политехникалык институттун окутуучусу Аскар Акаев менен кошуна жашап калат. Салижан ага күн сайын эрте менен жүгүрчү. Дайыма жүгүрүп келе жатып алдынан карп-курп жолугуп калчу Аскар Акаевди: «Ээй Аскар, сен да мага кошулуп жүгүрсөң, тээ Американын президенттери да дайыма жүгүрүшөт. Сен балким Академиянын президенти болуп калаарсың, жүгүрсөң» – дей берчүмүн. Бир күнү Акаев ыймандай сырын айтып, «Жүгүрөйүн дейм, бирок ботусум жок», – деп калбаспы. Түү, ата ошондо кошоматтана албагандыгымдын эсесин кийин тартпадымбы, ашыкча акчам деле бар эле. Ме сага деп ботус алып бере койгонумда жок дегенде Осмонакундун (Ибраимов анда Мамкатчы эле) ордуна мен отуруп калбайт белем, – деп санын тарс чаап, каткырып калаар эле. Аскар Акаев алгачкы жылдары таза иштеп, мамлекет үчүн пайдалуу көп иштерди жүзөгө ашырганы да Салижан Жигитовдун ага кеңешчи болуп турган учуруна туура келет. Легендарлуу Парламент депутаттарынын ашмалтайын чыгара жазган «Кыргызстан Маданияты» гезитиндеги шылдыңдуу макаласы өз учурунда зор жарылууну жараткан эле. Ошондуктан ал: «Мыкты журналист коомдун күрөө тамырын сезе билип, терс окуяларды чачырата талдап жаза алганда гана ал чыгаан журналист боло алат», – деп дайыма айтаар эле. Жазган ар бир макаласына талапты өзгөчө катуу койчу, башкаларды да ошого чакырчу. Эсимде «Азаттык» радиосунда бизди жетектеп турганда 10 мүнөттүк макала жазам деп 80 бет жазыпмын, улам-улам кыскартып отуруп аны араң 8 бетке түшүрдүм деп айтканы бар. Ал кыргыз гезиттерине анчалык ичи чыкчу эмес. «Кыргыз басма сөзүн окубайм, окусам эле оңдогум келет, бүт ката» деп «күйүп-күйүп» алган күндөрүнө да күбө болдум» – деп эскергени бар Салижан Жигитовдун жакын шакирти, белгилүү журналист маркум Алым Токтомушевдин.

Салижан Жигитов кайсыл мезгилде, кандай кырдаалда болбосун окуяга өң-түс берип, тамашага айлантууга жөндөмдүү эле. 1990-жылдагы Ош окуясынан кийин, бир далайга чейин Өзгөн шаарына кыргыздар кире албай калган учур болгон. Ошондо ал Бишкектеги Өзгөндүк аттуу-баштуу адамдарды чогултуп: «Качанкыга чейин өз шаарыбызга кире албай, башыбызды катып борбордо жата беребиз. Жүргүлө элге барып, Өзгөнгө өзүбүз кирип, элди ынтымакка келтирели» – деген демилге көтөрүп Ошко жөнөшөт. Өзгөнгө айыл калкын киргизбей жатканда Куршабдан демилгелүү апалар чыгышып, шаардын калкын ал жерден өткөрбөй жол тосуу менен жооп кайтарышкан. Ошондо Бишкектен барган топ Куршабка жеткенде акырын машинадан түшүп, апалардын жанына барып, «биздин машинага бир өзбек уурданып чыгып алды, кичине жүрөгүнүн үшүн алып койгулачы» деп жакын досу, КТРдин Башкы редактору Таштанкул Бөрүбаев отурган машинаны көргөзүп койот. Аялдар чуркап келип, машинада отурган Таштанкул акени сууруп чыгып суракка ала башташат. «Мен кыргызмын» деп ал кыйкырса, кайрадан аялдардын жанына келип «жанын жеп атат, ал өзбек» деп ары басып кетет. Акыры өң-аалеттен кеткен досун көрүп, аялдарга тамашалап койгонун айтып, зорго «куткарып» алат. Ошентип тамашалашып отуруп Өзгөн шаарына киришип, эки элди жараштырууга өзгөчө роль ойногон эле.
Салижан Жигитов өзүнө катуу талап коюп өмүр кечирген уюткулуу улуттун мыкты өкүлү. Өз элинин өксүк-кемтиктерин өкүртө сындагандай, өзүн да өмүрүнүн аягына чейин катуу сындап, көзү өтөөрдүн алдында: «Чынында да мен идеалдуу же өрнөктүү дегидей өмүр сүрө алганым жок. Нускалуу өмүр сүргөнгө реалдуу турмуштан, коомдук шарттардан көбүрөөк жеке өзүмдөн акылга жетиштүү бай эместигим, элеттик (провинциалдык) түшүнүктөрүм, ыкшоолугум, көп коендун артынан кубалай бергеним, дагы башка өксүк жактарым жолтоо кылды окшобойбу. Ата-энем мени жакшы эле адамдык данек менен жараткан экен, а данектен дүпүйгөн чынардай бакыбат дарак өнүп-өсүп чыккан жок, жапалак арчадай бирдеме өсүп тим болду белем», – деп жыйынтыктайт өз өмүр жолун. Ал эми өз улуту үчүн Түркия жазуучусу Азиз Несинден ашса ашкан, кем калышпаган сынчысы, камчы чабаары болду. Бирок канчалык сындап, өксүктөрүн айтып, камчылабасын көзү бар кезинде эл жакшы жагына өзгөрүп кеткенин көрө алган жок, андан бери да мыкты болуп кетпеди, тескерисинче кедээрине кетти. Ошондуктан ал элине соңку керээзин: «Элге эмне деп айтыш керек? Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион элсиң. Европанын бир шаарында үч миллион эл бар. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз бар. Эки колубуз бар. Эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз. Жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп, анан … » – деп «жок болуп кетет» деген сөздү жазууну ыраа көрбөй кош чекит коюу менен чектелген.

Мен ар дайым Салижан Жигитовдой улуттун чыгаан инсаны менен айылдаш гана эмес, замандаш болуп калганыма сыймыктанам. Ал дайыма мени бирөөлөргө тааныштырып калганда: «Айылдан (Өзгөн районунун Көлдүк айылынан) эптеп-септеп калем кармаганды билген мен чыктым, менден кийин эле ушул иним чыкты» дегенде кадимкидей канат байлап калчу элем. Мен жазганды, мезгилдин күрөө тамырын талдаганды, тарых менен турмушка реалдуу караганды, өзүмө катуу талап коюп сындаганды айылдаш агам Салижан Жигитовдон үйрөнгөм. Анын биздин айылдын кооздугу менен сырдуулугун сыпаттап жазган ырлары аркылуу айылыма болгон арзуум күчөгөн. Ал эми: «Шуулдаба, терегим, теректерим. Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…» деген ыр саптарды камтыган «Элегия» деген ыры үчүн эле Салижан Жигитовго эстелик орнотуп койсо жарашмак деген пикирдин ар дайым жактоочусумун. Азыр бейитиндеги эстелигинде да ушул ыр саптары жазылып, өткөн кеткендерди өчпөс жылдыздын өрнөктүү эмгегин унутпоого үндөп тургансыйт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *