Кыздардын сүйүктүү актёру Роберт Паттинсон тууралуу кызыктуу фактылар

12 жашынан тарта сахнада…

Дүйнө жылдыздарынын ичинен эң сымбаттуу, таланттуу жана көпчүлүк сүйгөн актёрлордун катарын толуктап келген Роберт Паттинсон 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган. Ал 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка болгон шыгын байкап, тааныштары аркылуу театрга киргизген. Театрдан бир топ тажрыйба топтогон Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге барып жүрүп, акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Аталган тасма 2004-жылы чыккан соң, бир жыл өткөндөн кийин ”Гарри Поттер жана оттун кубогу” тасмасына тартылууга киришкен. Кино дүйнөсүнө болгон сүйүүсү көп өтпөй аны бүтүндөй дүйнөгө таанымал кылган. Кайсы ролу менен атактуулукка жетти экен деген суроо Паттисондун чыгармачылыгында эч качан туулбайт.

Анткени күйөрмандары аны “Күүгүм” тасмасындагы образы аркылуу таанып билишкен.

Вампирдин образы аны эбегейсиз атактуу кылган…

Ал дүйнөгө кан ичкичтин образы менен таанылам деп эч качан ойлобогондугун көп маектеринде баса белгилеп келет. Тагдырдын буйругу менен 2007-жылы “Күүгүм” тасмасында роль жаратат. Болгондо да башкы каармандарын бири Эдвард Каллин аттуу вампирдин ролу ага буюруп, кастингден сымбаттуулугу, узун бойлуулугу жана өзгөчө актердук чеберчилиги менен өтүп кеткен. Тасманын жаратуучулары күткөндөй эле Паттинсон режиссердун берген тапшырмаларын ашыгы менен аткарып, өзүнүн ролун жеткиликтүү чыгара алгандыктан болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен. 2009-жылы жана 2012-жылы “МТV Моvіе Аwards” сыйлыктарын аталган образы аркылуу алган. Кан ичкичтин образын жаратканына карабай күйөрмандарынын саны өтө арбын. Алардын көбү өспүрүм жана бойго жеткен кыздар дешет актердун кесиптештери.

Көп кырдуу талант…

Паттинсондун жакындары анын бала чактан эле уялчаак болгондугун айтып келишет. Табиятынан уялчаак болгондугуна байланыштуу атактуулукка жеткенден кийин дээрлик көчө аралап басуудан баш тартканын маектеринде айтып келет. Актердун акындык жана обончулук да таланты бар. Бош убактысында ырдаганды жактырат. “Күүгүм” тасмасындагы «Let me sign» деген ырдын сөзү, обону, аткаруучусу да Паттинсон өзү. Ал көп кырдуу талант десек жаңылышпайбыз. Анткени аны дүйнө эли актер, ырчы, обончу жана модель катары да таанышат. Ал дүйнө жүзүндөгү эң атактуу бренддерге модель болуп да келет. Британиянын көптөгөн түстүү журналдары Робертти “Учурдун эң сексуалдуу мырзасы” деп белгилешкен.

“Күүгүмдөгү” сүйүктүүсүн жашоосунда да сүйгөн…

Актер “Күүгүм” тасмасында тартылуу учурунда тасмадагы сүйүктүүсү актриса Кристен Стюарт менен жакын мамиледе болгон. Экөөнү тасма талаасындагылар жашоодо да, тасмада да жубайлар деп атай башташкан. Экөө жарашкан жакшы түгөй болушаарын күйөрмандары да көп айтышчу. Бирок тилекке каршы, 2012-жылы актриса бир эле убакта режиссёр Руперт Сандерс менен да жылуу мамиледе болгону ачыкталган. Бул окуядан кийин экөө ажырым жолго түшкөн. Паттинсон сүйүктүүсү менен бирге жагшай турган келечектеги үй-бүлөсү үчүн сатып алган үйүн сатып жиберген. Актер тасманын башкы каарманын чындап сүйгөндүгүн сүйүктүүсү анын көзүнө чөп салганына карабай кечирип, кайрадан мамиле куруп көргөндүгүнөн баамдасак болот. Бирок анын тилеги дагы да орундалган эмес.

Бир канча убакыт өткөн соң мамилелерине кайрадан чекит коюшкан.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *