Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы үй камагына чыгарылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту бүгүн, 13-январда кабыл алды.

Белгиленгендей, Сайпидинов эки ай бою саат 22.00дөн 6.00гө чейин үйдөн чыкпашы керек.

Белгилей кетсек,  Мунарбек Сайпидинов 11-январда КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Савай айылына мектептин спорт залын куруп жаткан учурда жалпы суммасы 1 миллиондон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды. Ошондой эле М.С. жооптуу адамдар менен бирге жогоруда айтылган объекттин сапатсыз аткарылган иштери менен колдонууга берген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *